Грузиядагы №5 түрмөдө 109 аял ачкачылык кармап жатат. Алардын акциясы "Адам укуктарын коргоо борбору" уюмунун колонияда аялдардын укуктары тынымсыз бузулуп жатканы тууралуу маалыматынан кийин 30-июнда башталды.
Ачкачылык кармагандар 1-июлда Грузиянын элдик коргоочусунун өкүлү менен жолугушууда акцияны улантарын билдиришкен. Аялдар түрмө жетекчилиги алардын укуктарын одоно бузуп, текшерүү маалында жылаңач чечинүүгө мажбурлай турганын айтышкан.
Бул маалыматты "Адам укуктарын коргоо борбору" да ырастады. Колония администрациясы текшерүү учурунда кызматкерлер эрежелерди жана соттолгондорго мамиле кылуу боюнча нормаларды бузбаганын айтууда.
№5 түрмө Грузиядагы үч аялдар колониясынын бири. Ал жерде өтө чоң эмес кылмыштар үчүн соттолгондор кармалат.