Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

Нарында 55 миң гектар жерге чегирткеге каршы дары чачылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Нарында 55 миң гектардан ашуун аянтта чегирткеге каршы химиялык тазалоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Облустун Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Нарын райондорунун жайыттарында жана талааларында пайда болгон чегирткеден жана башка курт-кумурскалардан өсүмдүктөрдү коргоо максатында 13-июнда аймакта өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Айдоо талааларында инвазияга каршы химиялык дарылоо иштери бүгүн да уланууда.

XS
SM
MD
LG