Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:59

Мискенбаев: Адвокат жалдадым, Финполиция суракка чакыра элек


Мээрбек Мискенбаев.
Мээрбек Мискенбаев.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мээрбек Мискенбаев адвокат жалдады. Бул тууралуу ал бүгүн "Азаттыка" билдирди.

Анын айтымында, кылмыш иши козголгонун ЖМКдан билген, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция) аны суракка чакыра элек жана айтылган дооматтар боюнча документтерди албай жатат.

Мискенбаев кылмыш ишинин козголушун “саясий куугунтук” деп баалады жана мунун баары март айында “Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырышы керек” деп айтып чыккандан кийин башталганын билдирди.

Быйыл мартта Мискенбаев президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, иниси, Жогорку Кеңеш депутаты Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырышы керек экенин билдирген. Муну ал "үй-бүлөлүк башкарууга жол бербөө" аракети катары сыпаттаган.

Асылбек Жээнбеков муну чагымга теңеп, мандатын тапшырууну же калтырууну эл чечерин айткан.

29-июнда Финполиция "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин жетекчилигине карата Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси ("Алдамчылык") боюнча кылмыш ишин козголгонун маалымдаган.

Алар апрель окуясынын катышуучуларын социалдык колдоо үчүн 2,1 миллиондон ашык сомго бааланган көмүрдү өөнөгөн деп айыпталууда. «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесин 2010-жылы 7-апрелде борбордук аянтта жарадар болгон жарандар түзгөн. ​Аны Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынан (КСДП) парламентке депутат болуп, былтыр мандатын тапшырган Мээрбек Мискенбаев жетектеп жүргөн.

Быйыл апрелде “Айкөл Ала-Тоо” коомунан 78 киши бөлүнүп чыгып, өз алдынча “Айкөл таза коом” уюмун уюштурган.​ (SE/EBM)

XS
SM
MD
LG