Кыргызстандын Транспорт министрлиги Түндүк-Түштүк алтернативалуу жолунун курулушуна байланыштуу чуулгандуу макала жарыялаган авторлор менен соттошууга даяр. Бул тууралуу министрликтин басма сөз өкүлү Кылычбек Досумбетов "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып билдирди:
- Эл ичинде нааразылык жараткан авторлор өздөрүнүн саясий ойлорун ишке ашырайын деп "бул жолдун кереги жок" деген пикирди айтышууда. Биз муну карап, эгер улана берчү болсо аларды сот аркылуу жоопко тартабыз.
Буга чейин Интернеттеги бир катар маалымат булактарында жана "Фейсбук" социалдык түйүнүндө Сатина Айдар деген журналист жазган макала жарык көргөн. Анда автор Транспорт министрлигин Түндүк-Түштүк жолун куруу сметасында көрсөтүлгөн бааларды жогорулатып көрсөткөнүн жазып айыптаган жана "600 миллион доллар кымырылып алынды" деп билдирген.
Транспорт жана жолдор министрлиги журналисттер үчүн басма сөз сапарын уюштуруп, азыркы учурда болгону 440 миллион доллар колдонулганын, жогоруда кеп болгон дооматтар негизсиз экенин айтып чыккан.
Министрликтин маалыматына караганда, Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн байланыштырган жол төрт келишимдин негизинде төрт фазада ишке ашырылат. Анын биринчи жана экинчи фазасын Кытайдын Эксимбанкы каржылоодо. Биринчи фазага 399 миллион, экинчи фазага 298 миллион доллар каралган.
Бүгүнкү күндө жалпысынан 698 миллион доллардын 440 миллиону сарпталды. Учурда биринчи фазада каралган жолдун 67 пайызы, экинчи фазанын 59 пайызы курулуп бүттү.
Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитети жакында Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолунун курулушуна бөлүнгөн каражаттын жумшалышын иликтеген депутаттык жумушчу топ түздү.
Жолду куруу боюнча мурунку президент Алмазбек Атамбаев демилге көтөрүп, жумуш 2014-жылы башталган. Ош-Бишкек жолуна альтернатива болчу Жалал-Абад - Балыкчы жолунун жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт. Балыкчы жана Жалал-Абад шаарларын байланыштырган жол Кочкор, Чаек, Көкөмерен, Казарман аркылуу өтөт. (KR)