Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:42

Ирандын президенти Хасан Роухани Австрия менен Швейцарияга барат


Хасан Роухани.
Хасан Роухани.

Дүйшөмбүдө Ирандын президенти Хасан Роуханинин Батыш Европадагы иш сапары башталууда. Анын бул сапары 2015-жылы Тегеран жана дүйнөнүн алты державасы түзгөн Ирандын өзөктүк келишиминин тагдыры бүдөмүк абалда турган учурда өтүп жатат. Президент Дональд Трамп быйыл май айында ал келишимден АКШ чыгарын жарыялаган жана Тегеранга карата экономикалык санкцияларды жандандырууну караган буйрукка кол койгон.

Ошол эле кезде Улуу Британия, Франция, Орусия, Германия жана Кытай келишимди сактап калуу ниеттерин билдиришкен.

Швейцарияда 2-3-июлда боло турган Хасан Роухани президент Ален Берсе жана башка расмий адамдар менен жолугушат. Анда Ирандын өзөктүк келишими жана Жакынкы Чыгыштагы кырдаал талкууланары кабарланды. 4-июлда Иран президенти Венада австриялык кызматташтары Александр Ван жана канцлер Себастьян Курц менен кездешет. Иран президентин тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф баштаган адамдар коштоп жүрөт.

XS
SM
MD
LG