Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:02

Германия: ИИМдин башчысы качкындар маселесинен улам кызматтан кетүүгө ниеттенүүдө


Хорст Зееховер жана Ангела Меркел.
Хорст Зееховер жана Ангела Меркел.

Германиянын ички иштер министри, коалициялык өкмөттүн курамына кирген "Христиан социалдык союзу" партиясынын лидери Хорст Зееховер иммиграциялык саясат жана качкындарга башпаанек берүү маселеси боюнча канцлер Ангела Меркел менен болгон пикир келишпестиктен кийин кызматтан кетүүгө ниеттенүүдө.

Бул тууралуу немис басма сөз каражаттарына чыккан маалыматты ички иштер министри өзү да ырастап, ал маселе боюнча Меркел менен жолуга турганын кошумчалады.

Маалымат каражаттарынын жазышынча, Хорст Зееховер азырынча кызматтан кетүү тууралуу расмий арыз жаза элек жана айрым партиялаштары аны чечимин ойлонуп көрүүгө үндөшкөн. "Христиан социалдык союзу" партиясынын парламенттеги лидери Александр Добриндт болсо Хорст "Зееховер кызматтан кетпейт" деп билдирген.

"Христиан социалдык союзу" партиясынын (ХСС) лидери Хорст Зееховер - Христиан-демократиялык союзунун (ХДС) лидери, канцлер Ангела Меркелдин коалициялык өкмөттөгү өнөктөшү. Бирок ал Меркелдин иммиграциялык саясатын катуу сындап келе жатат.

Зеехофер 1-июлга чейин Меркелден качкын макамын сурагандардын санын азайтууну талап кылган. Ошондой эле Еврошаркетке кирген өлкөдө катталган мигранттын Германияга киришине тыюу салууну сунуш кылган. Меркел болсо буга каршы чыгып, 2015-жылы кабыл алынган "Германия 1 миллионго чейин качкын кабыл алат" деген чечимин коргоп келе жатат.

Хорст Зееховер кызматынан кетсе, бул Ангела Меркелдин өкмөтүнүн тарашына да алып келиши мүмкүн. Ошол эле кезде "Христиан социалдык союзу" партиясы башка лидер шайлап, коалицияда калышы ыктымал экени да айтылууда.

XS
SM
MD
LG