Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:32

Жогорку соттун үч судьясына кылмыш иши козголду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокурор Жогорку соттун үч судьясына жана бул соттук органдын аппаратынын, Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагынын кызмат адамдарына карата кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу бүгүн башкы көзөмөл органы кабарлады. Алар "адамды камакта мыйзамсыз кармап турушкан" деп айыпталууда.

Кылмыш ишин иликтөө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын өкүлү Жаркынай Азиеванын айтымында, иштин материалдарында кылмышка шектүү бир жарандын бөгөт чарасы туура эмес аныкталганы, ошонун айынан анын конституциялык укугу бузулганы айтылат. (RK)

XS
SM
MD
LG