Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:19

Чехия коррупция боюнча айыпталган казак жаранын өз мекенине өткөрүп берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2-июлда Казакстандын Башкы прокуратурасы тараткан маалыматта мамлекеттик акчаны кымырып алуу боюнча айыпталган Владимир Чаплинский Казакстанга экстрадицияланды.

"Чаплинский 2007-жылы Балкаштагы мектеп курулушуна бөлүнгөн 39 миллион теңгени (115 000 АКШ доллары) уурдап алган деп шек саналууда" деп билдирди Казакстандын Башкы прокуратурасы.

Ал кылмыш иши козголгондон кийин өлкөдөн чыгып кетип, ага эл аралык издөө жарыяланган. Казакстан Чаплинскийди өткөрүп алууга жети жылдан бери аракет кылып келе жаткан жана Чехиянын Юстиция министрлиги ал өтүнүчтү канааттандырды. Владимир Чаплинский учурда Астананын тергөө абагында кармалып турат.

XS
SM
MD
LG