Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:35

Шадиевге байланыштуу үчүнчү кылмыш иши козголду


Аскарбек Шадиев.
Аскарбек Шадиев.

Жогорку Кеңештин "Бир Бол" фракциясынын депутаты, мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевге байланыштуу үчүнчү кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын өкүлү Наргиза Кубатова билдирди:

- Кылмыш-жаза кодексинин 183-беренесинин негизинде кылмыш иши фактынын негизинде 29-июнда козголду. Тергөө амалдарын УКМК жүргүзүп жатат. "Кылмыштуу кирешени легалдаштыруу" деген берене.

Буга чейин Башкы прокурор Шадиевге карата 25-июнда Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренесинде ("Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү") каралган белгилер боюнча иш козгогон. Тергөө УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына тапшырылган.

Биринчи жолу Шадиевге Башкы прокуратура КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганына байланыштуу да 28-апрелде Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен иш козгогон.

Мунун алдында ал өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү болгон. Жакындары Шадиев дарыланууга кеткенин, 1-2 жумада кайтып келерин айткан, бирок ал дагы эле келе элек.

УКМК Аскарбек Шадиевдин өлкөдөн чыгып кеткенин 1-июнда гана билдирип, кеткен жол картасы тууралуу маалымат тараткан. Ага ылайык, Шадиев Баткендеги Арка айылынын тушунан мамлекеттик чек арадан Тажикстанга мыйзамсыз өтүп, андан соң Нью-Йоркко (АКШ) учуп кеткен.

Ошол эле күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту аны камакка алуу жөнүндө сыртынан чечим чыгарган. (KE)

XS
SM
MD
LG