Таласта окуучу кызды зордуктоо боюнча шектүү катары Орусиянын жараны кармалды. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Динара Сарногоева билдирди.
Окуя өткөн жуманын аягында болгон. Милицияга Талас шаарындагы №3 мектептин 16 жаштагы окуучусу зордукталганы тууралуу арыз келип түшкөн.
Териштирүү иштеринин натыйжасында 33 жаштагы орус жараны кармалды. Ал Талас районунун Көк-Ой айылында убактылуу жашап жатканы маалым болду.
Кылмыш-жаза кодексинин “Зордуктоо" беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. (AlS)