Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:03

Таиландда үңкүрдө жоголгон 12 бала аман-эсен табылды


Куткаруучулар балдарды издеп жаткан учур. 26-июнь, 2018-жыл.
Куткаруучулар балдарды издеп жаткан учур. 26-июнь, 2018-жыл.

Таиланддын Чианг-Рай провинциясындагы үңкүрлөрдүн бирине кирген бойдон дайынсыз кеткен 11-16 жаштагы 12 бала аман-эсен табылды. Жергиликтүү футбол клубунун балдары 23-июнда үңкүргө машыктыруучусу менен кирген бойдон чыккан эмес. Куткаруучулар үңкүрдүн кире беришинен алардын велосипеддерин, спорттук кийим-кечелерин табышкан.

Издөө иштерин жүргүзүүгө үңкүрдүн ичиндеги ондогон чакырымга созулган жалгыз аяк жолдорго нөшөрлөгөн жаандын суусу толуп калганы да оорчулук жараткан. Айрым жерлерде суунун бийиктиги беш метрге жеткен. Үңкүрдүн сыртында жоголгон балдардын ата-энелери, туугандары чогулуп, ал жерге Таиланддын премьер-министри Прают Чан-о-Ча да барган.

XS
SM
MD
LG