Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:51

УКМКнын тергөөчүлөрү Сапар Исаковдун адвокатынын арызын караган соттук ишке келбей коюшту


Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов.
Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Нурбек Токтакунов кабарлады. Анын айтымында, УКМКнын тергөөчүлөрү ага Сапар Исаковдун кылмыш ишине байланыштуу материалдарды бербей койгон. Токтакунов бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна арыз менен кайрылган.

- Кылмыш ишинин материалдарын мага "ме, окуп ал" дейт. Окуганда мен анын бүт баарын жаттап алмак белем? Эмне үчүн мага алардын көчүрмөлөрүн бербейт?, - деди адвокат.

Сот Нурбек Токтакуновдун арызын бүгүн саат 9.00да карамак, бирок соттук отурумга УКМКнын тергөөчүлөрү жана прокурор келбей коюп, сот эртеңкиге саат 13:30га жылдырылган. Адвокат "Фейсбуктагы" өз баракчасына прокурорлор жана УКМКнын тергөөчүлөрү сотту эле эмес, сот адилеттигин да сыйлабай турганын жазып, нааразы болгон.

Быйыл апрелде премьер-министрликтен кеткен Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) чууга байланышы бар кишилердин бири катары камакка алынган. Азыр ал КСДПнын төрагасынын орун басары. (KR)

XS
SM
MD
LG