Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:41

Түркмөн президентинин тулпары Гиннес китебине кирди


"Акхан" аргымагы.
"Акхан" аргымагы.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедовдун аргымагы Гиннестин рекорддор китебине кирди.

Түркмөнстандын расмий маалымат каражаттары жазып чыккандай, президенттин ахалтекин тукумундагы "Акхан" аттуу тулпары 10 метр аралыкты 4,19 секундда басып өтүп, жаңы рекорд жаратты.​

Маалыматта бул рекорд "саяпкерликти өнүктүрүү жана аны дүйнөлүк деңгээлге чыгаруу боюнча президент Гурбангулы Бердымухамедов жигердүү иштеп жатканын далилдегени" айтылат.

Ахалтекин аргымактары Түркмөнстандын улуттук сыймыгы болуп эсептелет. Жылкы чарбачылыгын президент өзү көзөмөлдөйт. Ал аргымактар тууралуу бир нече китеп жазып, өзү да ат чабыштарга катышып жүрөт. Мындан тышкары ар кайсы тармактарда өзүн сынаганы тартылган тасмалары менен дүйнө коомчулугунда түрдүү пикирлерди жаратканы белгилүү.

XS
SM
MD
LG