Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:54

Аймактарды өнүктүрүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ролу талкууланууда


Форумдун президиуму.
Форумдун президиуму.

Бишкекте жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) органдарынын аймактарды өнүктүрүү багытында мамлекет менен кызматташтыгын талкуулаган чоң жыйын өтүп жатат.

“Кыргыз Республикасынын аймактарын комплекстүү өнүктүрүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ролу” аттуу форумга жүзгө жакын жергиликтүү бийлик өкүлү катышууда.

Иш-чаранын уюштуруучусу - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана улут аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик. Анын директору Бахтияр Салиев белгилегендей, аймактарды өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун ийгилигин камсыз кылуу максатында ЖӨБ органдары үчүн мамлекет эмнелерди жасай аларын түшүнүш үчүн бул талкууну өткөрүү зарылчылыгы келип чыкты.

- Ошол эле маалда форум ЖӨБ органдары өзгөрүүлөргө карата өз даярдыгын өздөрү баалап, өз ролуна сынчыл көз менен карап, жергиликтүү жамааттардагы иштин абалы үчүн жоопкерчиликти өзүнө алууга даярдыгын текшерип, эртеңки күндү баамдай алышы үчүн ушул форумду өткөрүп жатабыз. Бүгүн коммуналдык-чарба түйшүктөрүнүн алкагында кала берүүгө болбойт. Аймактардын комплекстүү өнүгүшү үчүн жоопкерчиликти алууга мезгил жетти. Бул үчүн башкаруунун бардык деңгээлдеринде мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуу механизмдери зарыл болуп турат, - деди ал.

Форумга финансылык колдоону Швейцариянын Кыргызстандагы элчилиги көрсөтүүдө.

Быйылкы жыл Кыргызстанда Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланган. (RK)

XS
SM
MD
LG