Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:40

Төлөнбөгөн жети миллион сомдук салык боюнча иш козголду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте мамлекетке өзгөчө ири суммада зыян келтирген жалган ишкердикке байланыштуу кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финполиция) басма сөз бөлүмү кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 2017-жылы Бишкекте жеке ишкана катталган, Кытайдан товар ташуу менен алектенген, бирок бир жыл ичинде салык органдарына бир да отчет берген эмес. Мунун натыйжасында 7 миллион сомдон ашык салык төлөнгөн эмес.

Бирок ишкананын ээси катары катталган адам суракка чакырылганда бул тууралуу эч маалыматы жок экенин, каттоо учурунда ага катышпаганын, ишкердик менен алектенбей турганын айтып берген.

Иш Кылмыш-жаза кодексинин 182-беренесинин ("Жалган ээлик кылуучулук") негизинде козголду. (RK)

XS
SM
MD
LG