Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:21

Зилалиевдин соту болуп жатат


Дүйшөнбек Зилалиев.
Дүйшөнбек Зилалиев.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда бүгүн мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин иши каралып жатат.

Буга чейинки сот отурумунда күбө катары Ички иштер министрлигинин кызматкерлери көрсөтмө беришкен.

Зилалиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренеси менен ("Террорчулук жөнүндө атайылап жалган маалымат таратуу") кылмыш иши президент Сооронбай Жээнбековдун былтыр 24-ноябрда болгон инаугурациясынан кийин козголгон.

Инаугурация күнү президенттик кортеж өткөн көчөдө "бомба коюлду" деген кабар тараган. Жергиликтүү маалымат каражаттары бомба тууралуу милицияга ИИМ академиясынын курсанты кабарлаганын, ал эми ага "1532 ВК" мамлекеттик номерлүү "Лексус" машинесинен бир адам билдиргенин жазган. Кийинчерээк "машиненин номуру Зилалиевге таандык" деген маалымат чыккан.

Кылмыш ишин быйыл 30-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) козгоп, айыбын угузуп, бөгөт чарасы "өлкөдөн чыкпоо" деп аныкталган. (RK)

XS
SM
MD
LG