Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:44

Токбаева: Токтогулда эле 7 сотых жерим бар


Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева журналисттерге маалымат берүүдө.
Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева журналисттерге маалымат берүүдө.

Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаеванын Токтогул районунда 7 эле сотых жери бар. Бул тууралуу ал бүгүн журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, кирешеси тууралуу декларацияда эч нерсени жашырбастан баарын ачык көрсөткөн.

- Айлыгымдан калган тыйын-тыпырды чогултуп, ошол жерге үй салсам деген кыялым бар, - деди Жогорку соттун төрайымы мүлкү тууралуу суроого жооп берип жатып.

1-июлдан тартып президенттик аппараттын, өкмөттүн, парламенттин, сот жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин киреше-чыгаша декларациялары текшериле баштаган. 27-июнда президент Сооронбай Жээнбеков парламентте сүйлөгөн учурда да декларация текшерүүнүн маанисине токтолуп, бул коррупция менен күрөшүүнүн олуттуу компоненти экенин айткан.

Ал мамлекеттик кызматчыларга жана алардын жакындарына жазылган мүлктүн эсебин алуу менен казынаны уурдоо жана пара алуу сыяктуу кылмыштардын алдын алуу амалын жайылтууну сунуш кылган.

2018-жылдын январынан тартып мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин киреше-чыгаша декларацияларын көзөмөлдөө Мамлекеттик кадр кызматынан алынып, Мамлекеттик салык кызматына өткөрүлгөн. (EBM/KR)

XS
SM
MD
LG