Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:02

Айтмамат Кадырбаев Ош шаарынын мэрлигинен кетти


Айтмамат Кадырбаев.
Айтмамат Кадырбаев.

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев кызматын тапшырды. Бүгүн өкмөттүн буйругу менен ал Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттикке төраганын орун басары болуп дайындалды.

Бул тууралуу "Азаттыкка" өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Ошто мэр шайлоо 2014-жылдын 15-январында өткөн. Шаар башчынын күбөлүгү Кадырбаевге 20-январда тапшырылган. (RK)

XS
SM
MD
LG