“Ысык-Көл” аэропорту быйылкы эс алуу сезонунда алгачкы эл аралык каттамды кабыл алды.
«QAZAQ Air» авиакомпаниясы дүйшөмбү күнү Казакстандын түштүк борбору Алматы шаарынан «Алматы-Тамчы» каттамы боюнча 51 жүргүнчүнү "Bombardier Q400" учагы менен алып келди.
Бул каттам аптасына эки жолу – дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарылып турат.
Ал эми ички каттамдардан 29-июндан Оштон алгачкы учак барган. (RK)