Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:37

"Осьминогдогу" өрт боюнча иш тергелип бүтө элек, дагы эки шектүү кармалды


"Осьминог" ресторанынын орду.
"Осьминог" ресторанынын орду.

"Ысык-Көлдүн жээгиндеги “Осьминог” ресторанынын өрттөлүшүнө тиешеси бар" деген шек менен дагы эки адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеме тараткан маалыматта окуя болор замат эки жергиликтүү тургун кармалганы, алар уюшма кылмыштуу топтун мүчөсү катары милициянын каттоосунда турары аныкталганы, тинтүү учурунда курал жана баңгизат табылганы айтылат.

“Ал эми өткөн аптада дагы эки адам кармалды. Экөө тең Ысык-Көл районунун тургуну, бири уюшма кылмыштуу топтун мүчөсү. Анын жанынан 5,5 грамм гашиш табылды. Алар ресторанга бензин чачып өрттөп, алыстан карап турушкан” деп билдирди ИИМ.

Быйыл 7-январда Ысык-Көлдөгү Бостери айылында «Осьминог» рестораны толугу менен күйүп кеткен. Анын ээси буга жергиликтүү кылмыш тобун айыптаса, милиция алгач "өрт газ баллондун жарылуусунан келип чыккан" деген жоромолун тараткан.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Мүлккө атайылап өрт коюп бузуу же жок кылуу” беренесинин негизинде иш козголгон. Тергөө уланууда.

Бул окуя коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Ресторандын ээси Аскат Асанкадыров ага карата кокутуп-үркүтүү болуп жатканын, ага чейин кылмыш тобунун мүчөлөрү талап кылган 500 доллар кийин далилзат катары күч органдарына өткөнүн, бирок андан соң дайынсыз жоголгонун айтып берип, “бул акчаны "караларга" берип койсом деле болмок экен” деп айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG