Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:24

Быйыл Ливиядан Европага бараткан миңдей адам деңизге чөгүп кеткен


Жер ортолук деңизиндеги мигранттар.
Жер ортолук деңизиндеги мигранттар.

Быйыл Ливиядан Европага жетүүгө аракет кылган миңдей качкын Жер ортолук деңизине чөгүп кеткенин 2-июлда Эл аралык миграция уюму кабарлады. Уюмдун маалыматына караганда, акыркы күндөрү эле 204 адам деңизге чөгүп кетип каза тапты. Алар адамдарды мыйзамсыз ташыган аткезчилердин ишенчиликсиз кайыгына түшкөн.

"Биз Ливиянын жээктеринде адамдар көп курман болуп жатканына тынчсызданып турабыз. Аткезчилер "Европа жаңы эрежелерди киргизгенче жетип алалы, Евробиримдик ал жакка барууну кыйындатып салышы мүмкүн" деген мигранттардын аргасыз абалынан пайдаланып жатышат" - деди Эл аралык миграция уюмунун өкүлү Отман Белбейси.

Акыркы кезде деңизде өлгөндөр көбөйгөнү менен, бул сан былтыркыдан эки эсе аз. Сахара, андан кийин Жер ортолук деңизи аркылуу Европага жеткен маршрут - дагы эле эң кооптуу жолдордун бири.

Африка менен Жакынкы Чыгыштан Европага жер которгон мигранттардын агымы үч жыл мурдагыдан эки эсе азайды.

Качкындардын агымы Европадагы айрым өлкөлөрдө антимиграциялык ураандарды чакырган күчтөрдүн бийликке келишине шарт түздү. Мигранттарга каршы улутчул партиялар Борбордук Европа өлкөлөрүндө да күч алды, ал эми Германияда алар 1940-жылдан бери биринчи жолу парламентте орун алышты.

XS
SM
MD
LG