Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:56

Европа комиссиясы Польшанын бийлигин териштире баштады


Польшадагы сот реформасына каршы акция.
Польшадагы сот реформасына каршы акция.

Европа комиссиясы Польшанын бийлигинин үстүнөн Жогорку соттогу реформасы боюнча териштирүү баштады. Польшада 3-июлда Жогорку сот жөнүндөгү жаңы мыйзам күчүнө кирди. Ага ылайык, судьялар эми 65 жашка толгондон кийин биротоло кызматтан кетет.

"Deutsche Welle" радиосу кабарлагандай, жаңы мыйзамдын талабы боюнча судьялардын 40 пайызы кызматтан кетиши мүмкүн. Медициналык документтерин көрсөтүп, президенттин макулдугун алгандар гана ишин уланта алат. Мындан тышкары, мыйзам Юстиция министрлигине судьяларды иштен кетирип, ордуна башкасын дайындоого укук берет.

Европа Биримдиги Польшанын жаңы мыйзамы сот бийлигинин өз алдынчалыгына балта чабарын эскертүүдө. Брюссел бир ай ичинде жогорудагы талаштуу мыйзамды кабыл алганы үчүн Варшавага айыппул салууну сурап Европа сотуна кайрыла алат.

Польшанын бийликтеги “Мыйзам жана адилеттик” партиясы сот тармагын реформалоону 2015-жылы баштаган. Ал кезде Варшава Жогорку соттун судьяларын мурунку өкмөт дайындаганын маалымдаган. 2017-жылы декабрда Европа комиссиясы Польшадан сот тармагындагы реформаны кайра кароону талап кылып, санкция сала турганын да эскерткен. Польшанын бийлиги Европа комиссиясынын чечимин "саясий негиздеги иш" деп атаган.

XS
SM
MD
LG