Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:21

Малайзиянын мурдагы премьер-министри камакка алынды


Нажиб Разак.
Нажиб Разак.

Малайзияда 3-июлда мурдагы өкмөт башчы Нажиб Разак коррупцияга шектүү катары камакка алынды. Шаршембиде ага расмий айып тагылмакчы.

Май айындагы парламенттик шайлоодо ардагер саясатчы, 92 жаштагы Махатхир Мухамадга утулуп калгандан кийин жаңы бийлик ага өлкөдөн чыгууга тыюу салган.

Мамлекеттик фонддогу миллиарддаган акчанын жоголушу боюнча иштин алкагында буга чейин Разак бир нече жолу суракка чакырылган жана күнөөсүз экенин айтып келген. Анын үйүн тинтүү учурунда баалуу буюмдар, накталай акча табылган.

2009-жылы экс-премьер тарабынан түзүлгөн мамлекеттик фонддун иши арам акчаны адалдоо шеги менен кеминде алты өлкөдө иликтөөгө алынууда.

XS
SM
MD
LG