4-июлда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында, Нарын, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал, өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 17-22 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 13...18, күндүз 24...29
Баткенде түнкүсүн 15...20, күндүз 26...31,
Таласта түнкүсүн 10...15, күндүз 24...29,
Ош менен Жалал-Абадда түнкүсүн 13...18, күндүз 26...31,
Нарында түнкүсүн 7...12, күндүз 19...24,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 9...14, күндүз 20...25,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0...-5, күндүз 4...9 градус болот.
Бишкекте түнкүсүн маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал. Күндүз жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18, күндүз 27…29 градуска чейин көтөрүлөт.