Таиланддагы үңкүрдө табылган балдарды алып чыгуу нөшөрлөгөн жайкы жамгырдан улам бир канча айга созулушу мүмкүн. Бул тууралуу куткаруу иштери менен алектенип жаткан армиянын өкүлдөрү билдиришти. Балдарды алып чыгууга үңкүрдүн ичиндеги ондогон чакырымга созулган жолдорго нөшөрлөгөн жаандын суусу толуп калганы оорчулук жаратууда. Айрым жерлерде суунун бийиктиги беш метрге жеткен.
Таиланддын Чианг-Рай провинциясындагы үңкүргө кирген бойдон дайынсыз кеткен 11-16 жаштагы 12 бала аман-эсен экени 2-июлда белгилүү болгон. Жергиликтүү футбол клубунун балдары 23-июнда үңкүргө машыктыруучусу менен кирген бойдон чыккан эмес. Аларды дүйшөмбү күнү британиялык суучулдар Жон Волантен менен Рик Стантон таап, видеокамерага тартып чыккан. Азыр куткаруучулар балдарды бир канча ай тамак-аш, кийим-кече, жылыткыч жана байланыш менен камсыз кылып туруунун камын көрүшүп жатышат.