Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгын кызматынын башчысы Айбек Кадыралиев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу "Азаттыкка" өкмөттүн маалымат бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгулов кабарлады.
Тийиштүү буйрукка бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.
Айбек Кадыралиев кызматтан эмне себептен кеткени белгисиз. Анын кызмат орду азырынча бош турат.
Кадыралиев 2014-2015-жылдары Улуттук банктын төрагасынын кеңешчиси болуп иштеген. Ал Финансылык чалгын кызматына 2016-жылы дайындалган.
Бүгүн өкмөттүн буйругу менен Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев да кызматын тапшырган. Ал Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттикке төраганын орун басары болуп дайындалды.