Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:10

Минскте оппозиционерлер жана укук коргоочулар кармалды 


Оппозиционерлерди кармоо учуру. 3-июль, 2018-жыл.
Оппозиционерлерди кармоо учуру. 3-июль, 2018-жыл.

Минскте шейшемби күнү бир канча оппозиционер, укук коргоочу, анын ичинде президент Александр Лукашенкону сындап жүргөн Николай Статкевич кармалды.

3-июлда Беларуста Эгемендик күнү белгиленип жатат. Ошондой эле 1944-жылы Минсктин немис окуппациясынан бошотулушуна байланыштуу аскердик парад да өттү. Анда сөз сүйлөгөн президент Лукашенко өлкөнүн бардык жарандары эркиндикти жана өз алдынчалыкты коргоо даяр болушу керек экенин белгиледи.

Ошондой эле мамлекет башчы Минск боордош Орусия менен жакшы мамиле түзүүгө тырыша турганын, андан тышкары Кытай жана Батыш менен эки тарапка пайдалуу кызматташтыкка умтуларын билдирди. Аскердик парадга Орусиянын жана Кытайдын аскерлери да катышты.

Оппозициялык активисттер майрамды бүгүнкү күндө өлкөнү “душмандардан бошотуш үчүн күрөшүп жаткандарга тилектештик билдирүү максатында” акция менен белгилөөгө чакырышкан. Оппозиционер Николай Статкевичти жана башка укук коргоочулар менен активисттердин көбүн тартип сакчылары акцияга чогулууга мүмкүнчүлүк бербей кармап кетишти. 2010-жылдагы президенттик шайлоодо Александр Лукашенкого атаандаш болгон жана кийин беш жылдай абакка отуруп чыккан Николай Статкевич үйүнөн жаңы эле чыкканда кармалган.

XS
SM
MD
LG