Линктер

жума, 21-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 18:01

АКШ конгрессмендери Орусияда бир катар жолугушууларды өткөрдү


Америкалык делегациянын башчысы Ричард Шелби жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. 3-июль, 2018-жыл.

Ричард Шелби баштаган америкалык конгрессмендер 3-июлда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушту. Андагы башкы тема эки өлкөнүн президенттери Владимир Путин менен Дональд Трамптын 16-июлда Хельсинкиде өтө турган жолугушуусу болду.

"Тараптар көптөгөн олуттуу маселелерди талкулады, негизинен сөз Трамп менен Путиндин алдыдагы жолугушуусу тууралуу болду" деген Ричард Шелби Лавров менен болгон жолугушууну "жакшы өттү" деп баалады.

Орус тышкы иштер министри конгрессмендердин Орусиядагы сапары эки мамлекеттин парламент аралык диалогун калыбына келтирүүгө жардам берерине үмүттөнүп турганын билдирген.

Америкалык конгрессмендер Мамлекеттик Думанын депутаттары менен да жолугушту. Орус парламентинин төмөнкү палатасынын спикери Вячеслав Володин негизги жолугушуу жабыш эшик артында боло турганын маалымдады. Жолугушуунун алдында Володин Мамдума америкалык мыйзам чыгаруучулар менен кызматташтыкка ачык экенин, бирок азыр парламент аралык кызматташтык дээрлик жок экенин айткан.

Америкалык делегациянын башчысы Ричард Шелби президент Владимир Путин менен жолугушуу да күтүлүп жатканын айткан. Бирок Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков андай жолугушуу пландалбаганын кабарлады.

XS
SM
MD
LG