Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы Мамлекеттик кадр кызматынын карамагына өттү.
Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 3-июлда кол койгонун президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.
Эми Мамлекеттик кадр кызматы Мамлекеттик башкаруу академиясы менен кошо он беш жумушчу күндүн ичинде укуктук-нормативдик актылар тууралуу долбоорду президенттик аппаратка берүүгө тийиш.