Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:44

Футбол-2018: Англия чейрек финалга чыкты


Орусиядагы оюндардан бир көрүнүш.
Орусиядагы оюндардан бир көрүнүш.

Англиялыктар Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тарыхында биринчи жолу пенальти аркылуу утуп алышты. Буга чейинки тарыхта пенальти тебишүүдөн Англия ар дайым утулуп келген. Түндө алар он бир метр аркылуу жеңүүчүнү аныктоодо Колумбияны жеңди. Оюн эсеби 1:1 болсо, пенальтиден Англия 4:3 эсебинде алга чыкты.

Натыйжада Англия чейрек финалда Швеция менен ойнойт. Кечээ Швеция 1:0 эсебинде Швейцарияны утуп алган.

Чейрек финал оюндары 6-июлда башталат. Анда: Уругвай – Франция, Бразилия – Бельгия, Швеция – Англия жана Орусия – Хорватия менен ойнойт. Жеңүүчүлөр жарым финалга өтсө, жеңилгендер чемпионат менен кош айтышат.

Быйыл футбол боюнча дүйнө чемпионаты Орусияда өтүп жатат. Оюндар 15-июлда жыйынтыкталат. (SDz)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG