Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:50

Памирлик кыргыздардын айрымдары Ооганстанга жөнөп кетишти


Памирлик кыргыздардын балдары.
Памирлик кыргыздардын балдары.

Былтыртан бери Нарында жашап жаткан памирлик кыргыздардын айрымдары бүгүн Ооганстанга жөнөп кетишти. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн Нарындагы өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева билдирди.

Жол тарткан 18 адамдын арасында эки үй-бүлө жана Нарын шаарындагы кесиптик лицей менен орто мектепте окуп жаткан балдар бар.

Алар Ооганстанда калган туугандары, үй-бүлөсү менен учурашып, жолуккан соң күзүндө кайра келип, окуусун улантарын айтышты.

Жаркын Ибраева буга чейин “памирлик кыргыздар үйүнө кеткиси келип жатат, себеби кыргыз өкмөтү аларга көңүл бурган жок” деп айрым маалымат каражаттарына тараган сөздөрдү негизсиз деп атады.

- Экинчи тараптын пикирин угуп коюш керек болчу. Биз Памирден келген туугандарыбызды окутуп, колдон келген аракетибизди жасап жатабыз. Бүгүн кетип жаткан памирликтер туугандарына сагынычын таратыш үчүн гана баратат. Кайра күзүндө сөзсүз кайтып келишет, - деди ал.

Ооганстандын Памир тоолорун байырлап калган кыргыздардын 33ү былтыр октябрь айында Нарындын Куланак айылында жаңыча жашоого ылайыкташуу сыноосунан өтүш үчүн көчүрүлүп келген. Ал жакта памирлик боордоштор кыргыз арибин үйрөнүүдө. Алар Кыргызстан менен ооган өкмөтү түзгөн келишимдин негизинде билим алыш үчүн убактылуу келишкен.

28-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Кыргызстанга келген памирлик кыргыздарга өкмөт көңүл бурбай, эки үй-бүлө Памирге кайра кетүүгө камынып жатканын билдирген. (MiK)

XS
SM
MD
LG