Түркияда кыргыз улутундагы жергиликтүү жеткинчек кыз таэквондо боюнча мелдеште жеңишке жетти. Бул тууралуу “Азаттыкка” чемпион Бегим Зейнеп Ташкындын апасы Назике Ташкын билдирди.
- Бул кызымдын эң алгачкы чемпиондугу. Буга чейин бир канча чемпионаттарга катышкан. Бул ирет мелдеш кыйын болду. Кызымдын жетишкендиги менен сыймыктанып турабыз.
12 жаштагы Бегим Зейнеп 1-июлда Стамбул шаарында өткөн өспүрүмдөр арасындагы өткөн таэквондо боюнча чемпионатта жарышып, биринчиликке жеткен.
Ага Стамбул шаарындагы 33 спорт клубунан 500 спортчу катышкан.
Бегим Зейнеп Ташкын - өткөн кылымда Памирден алгач Пакистанга, андан кийин Түркияга оогон кыргыздардын жол башчысы Рахманкул хандын небереси. (ElB)