Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:53

Финансы полициясы: Мискенбаевдин ишинде саясий сыр жок


Мээрбек Мискенбаев "Азаттык" радиосундагы маек учурунда. 2-июль, 2018-жыл.
Мээрбек Мискенбаев "Азаттык" радиосундагы маек учурунда. 2-июль, 2018-жыл.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин мурдагы төрагасы Мээрбек Мискенбаев "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып, өзүнө козголгон кылмыш ишинде саясий өңүт бар экенин айтып, аны президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбековдун дарегине айтылган билдирүүгө байланыштырган.

Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Мискенбаевдин билдирүүсү чындыкка туура келбей тургандыгын, алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинде эч кандай саясий сыр жок экенин билдирди.

Мекеме тараткан маалыматка ылайык, бул иш боюнча “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин өкүлү Марипа Алыйкулова арызданган. Финполициянын билдирүүсүндө айтылгандай, “Айкөл Ала-Тоонун” мүчөлөрүнө социалдык жардам көрсөтүү үчүн бөлүнгөн акча каражаттарын аталган коомдук бирикменин жетекчиси мыйзамсыз ыйгарып алгандыгы жөнүндө биринчи арыз 2016-жылдын июнь айында эле түшкөн. Бирок белгисиз себептер менен кылмыш ишин козгоодон баш тартылган.

Быйыл мартта Мискенбаев президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, иниси, парламент депутаты Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырышы керек деген оюн билдирген эле. Муну ал "үй-бүлөлүк башкарууга жол бербөө" аракети катары мүнөздөгөн. Асылбек Жээнбеков муну чагымга теңеп, мандатын тапшырууну же калтырууну эл чечерин айткан. (KR)

XS
SM
MD
LG