Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:56

Ысык-Көлдө чет өлкөлүк уюмдар айылдардын таза суу маселесин чечүүдө


Жаңы-Арык айылына таза суу келди.
Жаңы-Арык айылына таза суу келди.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Жаңы-Арык айылы алгачкы жолу таза суу менен камсыз болду. Долбоор жергиликтүү депутаттардын демилгеси жана Кувейт мамлекетинин “ас-Салам” фондунун каржылык колдоосу менен ишке ашты.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, Жаңы-Арык өзүнчө айыл болуп бөлүнгөндөн бери таза суу маселеси чечилбей келген.

Чет өлкөлүк өнөктөш бөлгөн каражатка төрт чакырым түтүк тартылып, эски суу скважинасы тазаланып, айылга таза суу кирди.

Буга чейин эл өзү казып алган кудуктан суу ичип келди.

Келечекте ушундай эле долбоор Пристань-Пржевальск шаарчасында да ишке ашырылганы жатат.

Таза суу маселеси - Кыргызстандын социалдык жашоосундагы негизги көйгөйлөрдүн бири. Азия өнүктүрүү банкы бул максатта ири насыя бөлгөн, бирок кийин ал каражат максатсыз пайдаланылганы тууралуу маалымат чыккан. (RK)

XS
SM
MD
LG