7-9-июлда Кыргызстандын аймагында аба ырайы кургак жана абдан ысык болот.
Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш эскертүү таратты.
Мекеменин маалыматына караганда, абанын күндүзгү температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 35…40º, тоо этектеринде 31…36°, Суусамыр өрөөнүндө 30…35º, Ысык-Көл ойдуңунда 27…32°, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 31…36º, тоолуу райондордо 21…26, бийик тоолордо 15…20º болот.
"Мындай кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайынын учурунда ысык өткөрүп алуудан сактаныш үчүн күндүз күн ачык жерлерлерде көпкө жүрбөө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат" деп билдирди ӨКМ.