Быйыл 8-июнда Бишкек шаардык сотунун коллегиясы мурдагы коргоо министри Таалайбек Өмүралиевге генерал-майор наамын кайтарып берүү жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады.
Бишкек шаардык соту Таалайбек Өмүралиевге карата мурда чыккан Биринчи май райондук сотунун чечимин жарым-жартылай күчүндө калтырып, болгону аны генерал-майор наамынан ажыратуу тууралуу чечимин жокко чыгарган. Сот Өмүралиевдин мамлекеттик жана аскердик сыйлыктарын эске алып, ушундай чечим чыгарганын билдирген.
Былтыр Биринчи май райондук соту Өмүралиевге коюлган "Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу" (305) беренеси боюнча актап, "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" (304) беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, генерал-майор наамынан ажыратып, 5 млн. сом айып салган. (KR)