Ош шаарынын мэрин шайлоо күнү 18-июлга белгиленди. Бул тууралуу "Азаттыкка" Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов кабарлады.
- Мэрликке талапкерди Ош шаардык кеңешиндеги фракциялар, коалициялар жана премьер-министр көрсөтүүгө укуктуу. Көрсөтүлгөн талапкер мамлекеттик тилди билүү деңгээли боюнча сынактан өтүшү керек. Сынактан өткөндүгү тууралуу корутундунун негизинде шайлоого катышат. Талапкерлерди көрсөтүү шайлоого беш күн калганда, 12-июлда бүтөт.
3-июлда өкмөттүн буйругу менен Ош шаарынын мурдагы мэри Айтмамат Кадырбаев Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттикке төраганын орун басары болуп дайындалган. Айтмамат Кадырбаев 2014-жылдын 15-январынан бери Ош шаарын башкарып келет. Анда ал 25 депутаттын добушун алып мурдагы мэр Мелис Мырзакматовду утуп чыккан. (KR)