Линктер

ишемби, 17-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 06:12

Бакыда электр энергиясы кайра бериле баштады


Бакы шаарынын түнкү көрүнүшү. 3-июль, 2018-жыл.

Мамлекеттик АПА агенттигинин кабары боюнча, баш калаа Бакынын бардык аймактарында жана Азербайжандын калган бөлүктөрүндө бүгүн таң аткыча электр энергиясы кайра бериле баштады.

Бакынын басымдуу бөлүгү 3-июлда да кайрадан электрсиз калган болчу. Анын айынан метронун, башка кызматтардын иши токтоп, куткаруучуларга миңдеген жүргүнчүлөрдү жер алдындагы жолдордон чыгарууга туура келди. Мунун алдында 3-июлга караган түнү да Азербайжандын бүткүл аймагында электр кубаты жок калган.

Бийлик муну Азербайжандын түндүгүндөгү, Мингичевир шаарында жайгашкан ЖЭБдеги жарылуу менен түшүндүрүп, ага аптап себеп болгонун билдирди.

Азербайжандын бардык аймактарында бир учурда электр кубаты жок калган кырдаал өлкөдө 1991-жылы СССР тарагандан бери түзүлө элек болчу. Президент Илхам Алиев аварияга алып келген жагдайларды иликтөөчү мамлекеттик комиссия түзүүнү тапшырганы кабарланды. (UE)

XS
SM
MD
LG