Линктер

шейшемби, 11-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 01:33

Ысык-Көлдө сегиз пансионат жабык турат


Ысык-Көлдөгү кичинекей эс алуучулар.

Ысык-Көлдө сегиз пансионат жабык турат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын өкүлү Жаркынай Амантурова билдирди.

Анын айтымында, инспекция Ысык-Көлдүн жээгиндеги 193 пансионатты май айынын башында текшерип, алардын 60 пайызына ар түрдүү эскертүүлөрдү берген.

- Текшерүүнүн жыйынтыгында "Казак тукуму", "Береке", "Кооператор", "Белек", "Билимдер академиясы", "Телтору", “Соц-Олимп", "Сосновая роща" пансионаттары жабылды. Ал эми булардан тышкары жыл башында даярдыгы начар болуп эскертүү алган эс алуу жайлары азыр кемчиликтерди жоюп, иштеп жатышат, - деди Амантурова.

Ысык-Көлдүн жээгинде жайкы туристтик сезон май айында ачылып, сентябрга чейин уланат. (BCh)

XS
SM
MD
LG