Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:51

Британия: Солсберинин жанынан эки киши ууланган


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Британ полициясы Солсбери шаарынын жанындагы Эймсбери шаарчасында эс-учун жоготкон эки киши табылганын маалымдады. 30-июнда табылган аял менен эркектин абалы оор деп бааланууда.

Бул кабарды бийлик 4-июлда таратып, экөө тең белгисиз уулуу затка кабылган болушу мүмкүн экенин билдирди, бирок анын түрү азырынча аныктала элек. Алар барган жайлар коопсуздук себептеринен улам курчоого алынды.

Эймсбери Солсбериден 11 чакырым жерде орун алган.

Март айында ал шаарда орусиялык экс-тыңчы Сергей Скрипаль менен кызы Юлия ууландырылган. Лондон алар СССРде жасалган "Новичок" деген зат менен ууландырылганын айтып, "кол салууну Москва уюштурду" деп ырастап келатат. Орусия муну четке кагууда. Уулангандан кийин комага түшкөн Скрипалдар ооруканага жатып, дарыланып чыгышты. (АА/UE)

XS
SM
MD
LG