Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:19

Соцфонд: Пенсияга чыгуу курагын узартуу планыбыз жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда пенсияга чыгуу курагын узартуу тууралуу азырынча эч кандай сунуш, талкуу жок. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” Социалдык фонддун коомчулук менен байланыш башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Муканбетов билдирди:

- Пенсияга чыгуунун жаш курагын жогорулатуу боюнча эч кандай мыйзам долбоорун иштеп чыккан жокпуз. Мындай сөз мурда жалпы реформа тууралуу кеп болгондо бир айтылган, бирок иш жүзүндө эч кандай аракет көрүлгөн жок.

Кечээ айрым маалымат каражаттары Соцфонд жеңилдик берилүүчү категориядагы жарандардын пенсияга чыгуу курагын узартуу боюнча долбоорду караштырып жатканын жазып чыгышкан.

Кыргызстандын мыйзамдары боюнча эркектер 25 жылдан кем эмес эмгек стажы болсо 63 жаштан, ал эми аялдар 20 жылдан аз эмес стажы бар болсо 58 жаштан жалпы негизде пенсияга чыга алат.

Пенсиянын орточо көлөмү 5412 сом. Өлкөдө 634 000 пенсионер бар.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, күнүмдүк жашоого керектелүүчү минималдык сумма пенсионерлер үчүн бир айга 4304 сомду түзөт.

Бийик тоолуу шартта жашаган адамдар үчүн пенсия курагы 45 жана 50 жаш. (RK)

XS
SM
MD
LG