Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:35

Талас: Окуучулар менталдык арифметика боюнча эл аралык таймашта байге алышты


Тогуз жаштагы Мирбек - менталдык арифметика боюнча сынакта байге алгандардын бири.
Тогуз жаштагы Мирбек - менталдык арифметика боюнча сынакта байге алгандардын бири.

Талас шаарындагы мектептерде окуган 1-2-4-класстын окуучулары менталдык арифметика боюнча Дубай шаарында өткөн эл аралык олимпиадада кубок, медаль жана диплом менен сыйланышты.

Бул тууралуу «Азаттыкка» олимпиадага тогуз жаштагы уулу Мирбекти алып барган Перизат Мамырова билдирди.

Өткөн жуманын соңунда жыйынтыкталган акыл таймаштарына Азербайжан, Армения, Индия, Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Өзбекстан болуп жалпысынан онго жакын мамлекеттин окуучулары катышкан.

5 жаштан 16 жашка чейинки окуучулар арасында уюштурулган менталдык арифметика боюнча олимпиадага Кыргызстандан 112 окуучу барып, жалпы эсеп боюнча биринчи орунду алышкан.

Таластан барган окуучулар менталдык арифметика менен бир жарым жылдан бери алектенип келет. (AlS)

XS
SM
MD
LG