Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:40

Ооганстанда колбашчынын камалышы кагылышуу менен коштолду


Маймана шаарындагы көзөмөл бекеттеринин бири. 2015-жылы тартылган сүрөт.
Маймана шаарындагы көзөмөл бекеттеринин бири. 2015-жылы тартылган сүрөт.

Ооган бийлиги билдиришкендей, өлкө түндүгүндөгү Фаряб провинциясында өкмөтчүл кошуундун кол башчысы камалгандан кийинки нааразылыктын арты кагылышууга айланган.

Провинция кеңешинин төрагасы Мохаммад Тахирдин айтымында, атышуудан кеминде бир киши өлүп, сегиз адам жарадар болду.

Жергиликтүү кол башчы, ошол эле учурда райондук полиция башчысынын кызматын да аркалаган Низамуддин Кайсаринин бошотулушун талап кылып, Фаряб провинциясынын борбору Маймана шаарында акыркы эки күндөн бери жүздөгөн адам чогулду.

Алар провинция борборунун көчөлөрүндө жүрүш жасаганда “президент Ганиге, өкмөткө өлүм” деген сөздөрдү кыйкырышып, автоунааларга, губернатордун кеңсеси жайгашкан имараттын бир бөлүгүнө өрт коюшкан.

Полиция өкүлүнүн айтымында, жаалданган демонстранттарды токтотуш үчүн коопсуздук күчтөрү асманга ок атууга аргасыз болушкан.

Низамуддин Кайсари - Ооганстандагы өзбек улутундагы кол башчы, генерал Абдул Рашид Достумдун жакын адамы. Кайсари эки күн мурда коопсуздук боюнча 2-июлдагы жыйындан кийин камалган. Маалыматтарга караганда, ал жыйын учурунда катышуучуларды өлтүрөрүн айтып коркуткан.

Соңку окуялардан улам кырдаал чыңала түшкөн Фаряб провинциясында “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери да бар.

XS
SM
MD
LG