Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:32

"Интерфакс": Сочиде жүргүнчүлөрдү сүзгөн таксист эки сутка уктаган эмес


Такси
Такси

Бул тууралуу Орусиянын “Интерфакс-Юг” агенттиги өзүнүн полициядагы ишенимдүү булактарына шилтеме жасап кабарлады.

Агенттиктин маалыматына караганда, Сочиде бүгүн тротуарга чыгып кетип, алты кишини сүзгөн автоунаанын айдоочусу, 23 жаштагы жергиликтүү тургун полицияга таксист экенин, машине айдап баратып көзү илинип кеткенин, акыркы эки суткадан бери уктабаганын айткан.

Жол кырсыгы бүгүн Сочинин Лазарев районунун Дагомыс поселогунда, коомдук транспорттун “Чаяная фабрика” деген аялдамасында болгон. "Шевроле" үлгүсүндөгү автоунаа тротуарга чыгып кетип, алты кишини сүзгөн. Алардын бири каза тапса, бешөө жараат алып ооруканага жеткирилген. Жараат алгандардын экөө реанимацияда экени кабарланды.

Сочи да Орусиянын футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионатты кабыл алган шаарларынын бири.

Быйыл 16-июнда Москвада кыргызстандык таксист Чыңгыз Анарбек уулу жол четиндеги адамдарды сүзгөндө сегиз киши жараат алган.

Кийин полицияда сурак бергенде Чыңгыз Анарбек уулу да уктап кеткенин айткан, ал эки айга камакка алынган. (UE)

XS
SM
MD
LG