Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:05

Жергиликтүү кеңештердеги беш депутаттын ыйгарым укуктары токтотулду


Борбордук шайлоо комиссиясы.
Борбордук шайлоо комиссиясы.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жергиликтүү кеңештердин беш депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Мындай чечим БШКнын 4-июлдагы жыйынында кабыл алынды.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл районундагы Темир айылдык кеңешинин депутаты Бактыбек Байгазаковдун башка кызматка дайындалганына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты Белек Сатыбалдиевге берилди.

Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Мураталы Тагаев да ушундай эле негизде мандатын тапшырып, анын ордуна Заттарбек Боронбаев келди. Чүй облусунун Сокулук айылдык кеңешинин депутаты Бакытбек Сыдыковдун мандатын Акбермет Абасканова алды. Ал эми Сокулук районундагы Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Мирлан Мамакеев өз каалоосу менен мандатын тапшырып, анын ордун Нурсултан Бейшебаев ээледи.

Талас облусунун Манас районундагы Кайыңды айылдык кеңешинин башка кызматка өткөн депутаты Бактыбек Байгазаковдун мандаты Рамис Курманбековго тийди.

XS
SM
MD
LG