Жеңижок деген ат менен белгилүү төкмө акын Өтө Көкө уулунун 158 жылдыгына арналган “Айтыш-2018” республикалык сынагына катышуучулар 4-июлда тандалды. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Айтыш" коомдук фондунун төрагасы Асылбек Марат уулу билдирди.
Анын айтымында, Бишкектин "Манас" кинотеатрында өткөн тандоо сынагына 44 акын катышып, алардын он алтысы Жеңижоктун жаркын элесине арналган республикалык айтышка катышууга жолдомо алды.
Тандоо турунан өткөн акындар Абдылда Нуралиев, Амантай Кутманалиев, Максат Кулуев, Баян Акматов, Изат Айдаркулова, Турат Жумаев, Тынчтык Эсенбай уулу, Мундузбек Усупбек уулу, Айжан Сырымбетова, Акматбек Султан уулу, Асылбек Маратов, Кубат Тукешов, Мамбеттокто Мамбеторозо, Эламан Келдибеков, Акжолтой Канат уулу, Нурсултан Малдыбаев.
Жеңижоктун 158 жылдыгына карата өтүп жаткан айтыштын байге фонду 500 миң сом. Сынак "Айтыш" коомдук фондунун жана Аксы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн колдоосу менен өткөрүлүп жатат.
Өтө Көкө уулунун 158 жылдыгына арналган салтанат 14-15-июлда Аксынын Кара-Суу айылынын Кара-Камыш жайлоосунда өтөт. (ZA)