Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:05

Милиция “балдар уурдалууда” деп "WhatsApp" аркылуу кабар тараткандарды издеп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Милиция "WhatsApp" аркылуу “балдардын ички органдарын алыш үчүн аларды топ-тобу менен уурдап кетип жатышат” деген кабарды тараткандарды издей баштады. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Ички иштер министрлиги билдирди.

“Бул калп маалымат айрыкча Ош жана Жалал-Абадда кеңири жайылтылууда. Ички иштер органдарында бул сыяктуу бир да факт катталган жок” дейт ИИМ.

Ош шаарынын аймагында бүгүнкү күнгѳ карата дайынсыз жоголуп кеткен бир да бала жок экенин 4-июлда шаардык милициянын басма сөз кызматы кабарлап, “убактылуу адашып же үйдөн чыгып кеткен балдардын баары ата-энесине кайтарылган” деп билдирген.

Ушундай эле билдирүүнү Жалал-Абад милициясы да тараткан.

Бир нече күндөн бери Интернетте, айрыкча "WhatsApp" аркылуу «Курман айтка карата жаш балдарды уурдап кетип жатышат. Арасында ар улуттун өкүлдөрү бар. Андай балдар жүздөп саналат” деген аудио тарап жатат.

Милициянын айтымында, “мындай жалган маалыматты айрым адамдар жашыруун ат менен социалдык түйүндѳр аркылуу таратып, калк арасында дүрбѳлѳң салууга аракет кылууда”. (RK)

XS
SM
MD
LG