Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:09

Бишкекте тогуз чакырымдык велотрек ачылат


Велотректин узундугу тогуз чакырым болот.
Велотректин узундугу тогуз чакырым болот.

Бишкекте велосипед айдоочулар үчүн өзүнчө жол тилкеси ачылат. Бул тууралуу бүгүн баш калаанын мэриясы кабарлады.

Борбор шаардын архитектура башкармалыгы иштеп чыккан бул долбоор, мэриянын маалыматына караганда, “жакын арада” ишке ашырылат.

Манас жана Чыңгыз Айтматов атындагы проспекттерди бойлой өтө турган веложол Жибек Жолунан башталат жана ар бир тарабы тогуз чакырымдан болот.

Буга чейин шаардын түштүк четиндеги эс алуу багында велотрек ачылган. (RK)

XS
SM
MD
LG