Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:32

Британияда эки адам “Новичок” заты менен ууланды


"Новичок" химиялык затынан эки адам ууланган аймакты британ полициясы кайтарууга алган учур. 4-июль, 2018-жыл.
"Новичок" химиялык затынан эки адам ууланган аймакты британ полициясы кайтарууга алган учур. 4-июль, 2018-жыл.

Бул тууралуу Британиянын антитеррордук полициясы билдирүүдө. Расмий маалыматка караганда, азыр ооруканада оор абалда жаткан эки адам да орусиялык мурдагы тыңчы менен анын кызына кол салууда колдонулган “Новичок” химиялык затынан ууланганы анык болду.

Британ полициясы Солсбери шаарынын 11 чакырым жердеги Эймсбери шаарчасында эс-учун жоготкон эки киши: жаш курагы 40тардагы аял менен эркек 30-июнда табылганын 4-июлда жарыялаган.

Быйыл март айында Солсбериде орусиялык экс-тыңчы Сергей Скрипаль менен анын кызы Юлия ууландырылган.

Расмий Лондон алар СССРде жасалган "Новичок" деген химиялык зат менен ууландырылганын айтып, "кол салууну Москва уюштурду" деп ырастап келатат. Буга жооп чара катары Британия өзү Орусиянын 20га жакын, АКШ 60, калган Батыш өлкөлөрү да бир нече дипломатын чыгарган.

Орусия болсо Британиянын дооматтарын четке кагып, ал да Батыш өлкөлөрүнүн дипломаттарынын тобун чыгарып салган.

Уулангандан кийин комага түшкөн Скрипалдар ооруканага жатып, дарыланып чыгышты. Алардын окуясынан кийин Британия химиялык курал боюнча эл аралык чектөөлөрдү күчөтүү багытында аракет көрүп, жакында Химиялык куралга тыюу салуу боюнча эл аралык уюмдун ыйгарым укугу кеңейтилишине жетишкен. (UE)

XS
SM
MD
LG