Чүй милициясы бүгүнтөн тартып Ысык-Көлгө бара турган жолдо коопсуздукту камсыз кылуунун кошумча чараларын көрө баштады.
Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, туристтик трассада милициянын эки көчмө бекети иштейт. Ар биринин курамында кеминде үчтөн күч кызматкери болот.
Алар жолдогу коопсуздукка эле көз салбастан, жергиликтүү тургундар менен да иштешип, алардан түшкөн арыз-даттанууларды кабыл алат жана кеп-кеңешин берип турат.
Ысык-Көлдөгү жайкы эс алуу сезонунда бул трассада, айрыкча Бишкек менен Канттын ортосундагы айланма жолдо кырсыктар көп болот. (RK)